Ош облусунун улук прокурору Исаев Шамалбек мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

12 октября 2020 11:40 827 Barometr
Поделиться в:
ok

10-октябрында Ош областынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору, юстициянын 2-класстагы кеӊешчиси Исаев Шамалбек Маманович 57 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу “Барометрге” өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

 Исаев Шамалбек 1963-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад областынын Сузак районунун Комсомол айылында төрөлгөн.

1993-жылдын май айында кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы жолу ишти Ош областынын Өзгөн районунун стажер-тергөөчүсүнөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин прокуратурада ар түрдүү кызматтарды аркалап келген.

Шамалбек Маманович, ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде калмакчы.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын тереӊ кайгыруусун жана орду толгус жоготуусун чогу бөлүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunun-uluk-prokuroru-isaev-shamalbek-mezgilsiz-djndn-kajtty



Добавить комментарий