Оштогу чек арага жакын эки айылда милиция бөлүмү курулууда (Сүрөт)
Ош облусунун Кызыл-Кыштак жана Кызыл-Жар айылдарынын аймактарына эки айылдык милиция бөлүмдөрү курулуп баштады. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак жана Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдарынын аймактарында эки айылдык милиция бөлүмдөрүнүн курулуш иштери башталды.
“Чек арага жакын аймактарда коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жарандардын жеке коопсуздугун камсыз кылууну чыӊдоо максатында ИИМдин «Кызыл-Кыштак айыл аймагында айылдык милиция бөлүмчөсүн түзүү» жөнүндө буйруктун негизинде 25 штаттык кызмат орду бөлүндү», - деп айтылат маалыматта.
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын административдик имаратынын жанынан айылдык милиция бөлүмүн курууга 5 соттук жер бөлүп берилди.
Ош облусунун ички иштер бөлүмдөрүнүн ардагерлери, кызматкерлери жана Кара-Суу районунун ишкерлери тарабынан курулушка керектүү каражаттар топтолду.
“Имараттын курулуш иштери 4-июнда башталды. Анын узундугу 17 м туурасы 13 м болуп, 10 кызматтык бөлмөдөн турат. Бул бөлүмдүн кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районун Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айылынын аймактарынындагы 70 миӊден ашуун калкты тейлейт.
“Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында Кызыл-Жар АМБнын курулуш иши 3-июль күнү башталган. Анда 4 кызматтык бөлмө, 2 жашоо үчүн бөлмө, 1 бөлмөлүү ашкана болот», - деп айтылат маалыматта.
Айылдык милиция бөлүмчөсү чегарада жайгашкан Алайкуу өрөөнүнүн Ой-Тал, Капчыгай жана Кызыл-Жар, Алайкуу айыл аймактарында жашаган 20 миӊ ге жакын калкты тейлейт.
Бул эки айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн курулуштары «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылынын алкагында пландаштырылган.
Белгилей кетсек, айылдык милиция бөлүмдөрүнүн курулуш иштери 2020-жылдын 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө аяктап ишке берилүүсү мерчемделди.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunun-ajmagynda-eki-ajyldyk-miliciya-blmch-kuruluuda
Добавить комментарий ×