Ош облусунун аймагында дезинфекция иштери күчөтүлдү

2 июня 2020 10:07 960 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда  Кара-Суу базарында, Ленин көчөсүндө жайгашкан паспорт, виза алуучу мекемелер, эл каттоо бөлүмү, Кыргыз почтасы  жана эл көп топтолгон жайларда залалсыздандыруу иштери өрт өчүрүүчү автоунаа менен жүргүзүлдү. Ошондой эле, Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан ашкана, дарыкана, дүкөн жана эл көп чогулган жайларга жалпы 3500 м² аянтка хлор аралашмасы чачылды. Чоң-Алай районунун  Чоң-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылынын борбордук базары жана көчөлөрүнүн 6250 погондук метр жолуна хлор аралашмасы себилди.  Ал эми, Ноокат районунун Ноокат шаарынын Соотобаев, Ош, Калинин көчөлөрүнүн жалпы 64 000 м² жолу жана 4200 м² тратуары дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде:  азык-түлүк дүкөндөрдө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймагында уланууда. 




Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunun-ajmagynda-dezinfekciya-ishteri-kchtld



Добавить комментарий