Ош облусунда быйыл 10, 20 жылдыктар өткөрүлбөйт
Карантинден улам Ош облусунда быйыл 10 жылдык, 20 жылдыктар өткөрүдбөйт. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондору менен Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.
“Быйыл карантинге байланыштуу мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн 10 жылдык, 20 жылдык мааракелери өткөрүлбөйт. Бардык иш-чараларга тыюу салынат”, - деди ал.
Эске салсак, дүйнө жүзүн каптаган коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда дагы өзгөчө абал жарыяланып, бир катар аймактарга карантиндик режим киргизилген. Аны менен катар ири көңүл ачуучу жайлар менен ресторан-кафелер ишмердигин токтотуп, бир гана заказ менен иштеп калышкан.
Кыргызстандагы өзгөчө абал апрель айынын аягына чейин узартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunda-byjyl-10-20-zhyldyktar-tkrlbjt
Добавить комментарий ×