Ош облусуна бир айдын ичинде 150 орундуу оорукана салынды

7 сентября 2020 17:37 2502 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунда 150 орунга ылайыкташтырылган оорукананы куруу иштери бир айдын ичинде аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов брифинг учурунда берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Ош облусунун Баш-Булак айылында бир айдын ичинде 150 орундук оорукананын иштери аяктап, тапшыруу алдында турат. Учурда ооруканага керектүү болгон медициналык аппараттарды, жабдыктарды толуктап жататканы маалым болду.

“Ош облусу боюнча 3170 күндүзгү стационардын бардыгы жабылды. Мурдагыга караганда кырдаал өзгөрүп, медициналык аппараттар жетиштүү. Облуста ИВЛ аппараты 113 даананы түзсө, кычкылтек концентраты 1500 даанага жетти”, -деди Юсупов. 

Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusuna-bir-ajdyn-ichinde-150-orunduu-oorukana-salyndy



Добавить комментарий