Орусиянын Кыргызстандагы Элчиси Андрей Крутько «Даңк» медалы менен сыйланды

25 февраля 2019 18:55 1390 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы Элчиси Андрей Крутькону «Даңк» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Өлкө башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Крутько Андрей Андреевич «Даңк» медалы менен сыйланды.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-февралда Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутькону өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алды.

Ал Андрей Крутького кыргыз-россиялык мамилелердин өнүгүшүнө, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, билим берүү, аскердик-техникалык тармактарда бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда, Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдегенге кыйла салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздин Кыргызстанда иштеген мезгилде кыргыз-россиялык мамилелер кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкты. Сиз — биздин өлкөнүн жакын досу жана сыйлуу коногусуз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Элчи Андрей Крутько мамлекеттик сыйлык жана жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигиндеги жылдар абдан жемиштүү болгонун белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiyanyn-kyrgyzstandagy-elchisi-andrej-krutkonu-dak-medaly-menen-syjlandy



Добавить комментарий