Орусияда курулушта иштеген мигранттардын санын чектөөгө багытталган мыйзам сунушталды
Орусияда курулушта иштеген мигранттардын санын чектөөгө багытталган мыйзам сунушталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Татьяна Голикова сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда өкмөт 2019-жылдан тарта курулушта иштеген чет өлкөлүктөрдүн санына чектөө киргизүүнү демилгелеп жатат.
Ага ылайык, курулуш компанияларында иштеген сырттан барган мигранттардын саны жалпы жумушчулардын 80 пайызынан ашпашы керек. Бул чектөө Москва, Хабаровск жана Амур облустарынан башка аймактарга киргизилет. Татьяна Голикова аталган мыйзам долбоору менен учурда тийиштүү мекемелер таанышып, макулдашуу иштери жүрүп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан барган мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусиянын аймактарында. Алар көбүнчө коммуналдык кызматтарда, өндүрүш, айыл-чарба, курулуш тармактарында эмгектенет.
Добавить комментарий ×