Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынын абалы өтө начар, Өзбекстан менен болгон келишим кагаз түрүндө бүтпөй келет
Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын абалы өтө начар деп айтылды бүгүнкү парламенттик жыйында. Анда Өзбекстан тарап менен сүйлөшүлгөн келишимдин кагазы азыркыга чейин даяр эмес. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Азизбек Турсунбаев айтты.
"Айыл-чарба министрлиги иштебей эмнени карап олтурасынар, эртең эле жаз келет. Бүгүн Өзбекстан менен сүйлөшүлгөн келишимдин документалдуу кагазы даяр эмес. Суу сактагычтагы бардык финансылык каражаттарды Өзбекстан моюнуна алган"-деди депутат өз сөзүндө.
Айыл-чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев чыны менен кагаз иштери бүтпөй жаткандыгын айтып, бир айдын ичинде "сөзсүз" бүтүрөбүз деп жооп берди. Ал келишим Өзбекстанга жиберилип, жооп келе электигин кошумчалады.
Орто-Токой суу сактагычы кыргыз-өзбек чек ара тилкесининен 13 чакырым ичкериде Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Учурунда аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, узак убакыт ээлик кылуунун шарттары чечилбей келген эле. Буга чейин суу сактагычты өзбек сакчылары кайтарып турган.
Суу сактагычтын сыйымдуулугу - 165 млн куб/метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргызстан пайдаланат.
Чек арадагы кырдаал Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жакшыра баштаган. Талаштуу тилкелер боюнча тараптар орток пикир табылганын дагы айтып келе жатышат.
2017-жылдын октябрь айларынын башында экс-президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барган учурунда Орто-Токой боюнча макулдашууга кол коюлганы белгилүү болгон.
Добавить комментарий ×