Оптима Банк: "Зилалиевдин банктагы акчалары тууралуу тартылган видеону өзүнөн башка эч ким алган эмес"

12 декабря 2018 14:57 1451 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы акчасы тууралуу чыгып кеткен видео 2017-жылы тартылган. Бул тууралуу Оптима Банктын өкүлдөрү элга чыгып кеткен видео Зилалиевдин өзүнөн алышкандыгын билдиришти. 

"Интернетке тараган бул видео бир жыл мурун тартылган. Анда кардардын ячейкасынын ижара келишиминин мөөнөтү өткөн. Ошондуктан банктын кызматкерлери Улуттук банктын эрежелерине ылайык ячейканы ачып, ичинде сакталган мүлктү видеого тартып алып чыгышкан. Андан кийин мүлк жана видео ячейканын ээсине өткөрүлүп берилген. Кардарга бул боюнча бир ай мурун эскертүү берилип, бирок ал мүлкүн алып кетүү үчүн банкка келген эмес. Ошондуктан интернетке тараган видео банктын кызматкерлери менен бир жыл мурун эрежеге ылайык жумуш учурунда тартылган. Банк кардардын алдындагы милдетин Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык толук аткарды", - деди банктын өкүлү.

Эске салсак, кечээ 11-декабрда экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин борбордогу коммерциялык банктардын биринин коопсуздук уячасында сакталган мыйзамсыз акчалары алынгандыгы тууралуу видео тараган.  Ал акчалар 2018-жылдын сентябрь айына чейин банкта сакталгандыгы айтылган.  Аны атайын акча саноочу аппарат менен санаганда жалпысынан 889 миң 900 АКШ доллары бар экендиги аныкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/optima-bank-zilalievdin-banktagy-akchalary-tuuraluu-tartylgan-videonu-znn-bashka-ech-kim-algan-emes



Добавить комментарий