Оор салмактагы балбан Мурат Рамонов чейрек финалга чыкты
Поделиться в:
Кыргызстандын грек-күрөшүнүн балбаны Мурат Рамонов дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. 8/1 финалда ал казак балбаны Мансуром Шадукаевди 2:1 эсебинде утуп алды.
Беттешти “unitedworldwrestling” сайты түз алып көрсөтүп жатат.
Чейрек финалда Мурат Куба өлкөсүнүн Оскар ПИНО Нандс менен күч сынашат.
Ушул күндөрү спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токио өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/oor-salmaktagy-balban-murat-ramonov-chejrek-finalga-chykty
Добавить комментарий ×