Онкологиялык ооруканага оор абалдагы бейтаптарды гана жаткыруу жүргүзүлөт

30 октября 2020 09:55 1726 Barometr
Поделиться в:
ok

Онкологиялык ооруканага оор абалдагы бейтаптарды жаткыруу гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунда онкологиялык оорулууларды пландаштырылган ооруканага жаткыруу токтотулду, себеби №1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11 бөлүмдөрү, чоңдордун гематология жана онкология бөлүмү, анестезиология жана реанимация бөлүмү анда дарыланып жаткан бейтаптардын жана кызматкерлердин коронавирус илдетин жуктуруп алышына байланыштуу карантинге жабылды. Ооруканага оор абалдагы бейтаптарды жаткыруу гана жүргүзүлөт.

“Бөлүмдө химиотерапия алып жаткан бейтаптар аны уланта беришет. Кайрадан химиотерапия алуу үчүн кайрылгандар жана амбулатордук шартта химиотерапия алган бейтаптар процедураны бейтапканадан алышат. Оор абалдагы бейтаптар азырынча кайрыла элек, алар профилдик бөлүмдөргө жаткырылат», - деп билдирди Бактыгүл Султангазиева, убактылуу УОжГ борборунун директорунун милдетин аткаруучу.

Онкологиялык оорулууларга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн, УОжГ борборунун бөлүмдөрүн ички көчүрүүлөр жүргүзүлүүдө. Балдарды амбулатордук кабыл алуу үчүн №4 бөлүмдүн бир бөлүгү, жаңы кайрылган балдар үчүн №12 бөлүмдүн бөлүгү, оор абалдагы бейтаптарды жаткыруу үчүн онкогематология бөлүмүнүн 2-кабаты бөлүнгөн.

Улуттук онкология жана гематология борборунун бейтапканасы штаттык тартипте иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/onkologiya-zhana-gematologiya-borborunda-rak-ildetine-chaldykkandardy-plandashtyrylgan-oorukanaga-zhatkyruu-toktotuldu



Добавить комментарий