Олимпиадалык резервдеги спортчулар эл аралык мелдеште үчүнчү орун алды
Бадминтон боюнча кыргыз спортчулары эл аралык турнирге катышып, командалык эсепте жана жуптар арасында үчүнчү орунга ээ болушту. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, спорттук оюндар боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары биринчи жолу бадминтон боюнча эл аралык турнирге катышып, командалык эсепте жана жуптар арасында үчүнчү орунга ээ болушту.
Сыйлык алгандар:
Айсарова Жасмин - 2 коло медаль (командалык жана айымдар арасында жуп менен);
Азамат Элайым - 2 коло медаль (команда жана айымдар арасында жуп менен);
Кубатбек уулу Адилет - коло (команда);
Мадираимов Байэл - коло (команда).
Спортчулардын башкы машыктыруучусу Ниязбеков Татарбек.
Бадминтон боюнча Борбор Азия чемпионаты Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Монголиянын 15 жана 17 жашка чейинки мыкты өспүрүмдөр арасындагы бадминтончулардын катышуусунда өттү.
Чемпионатты Бадминтон Азия (Малайзия) уюштурууда, бул чемпионат рейтингдик категорияга кирет, бул өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлдеги рейтингине таасирин тийгизет.
Мелдештер мырзалардын арасында, айымдардын арасында жалгыздан жана жуптук негизде өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/olimpiadalyk-rezervdegi-sportchular-el-aralyk-meldeshte-chnch-orun-aldy
Добавить комментарий ×