Олимпиадага даярданып жаткан спортчуга чагылган түшүп, каза болду

22 марта 2021 10:06 1193 Barometr
Поделиться в:
ok

Сальвадордо 22 жаштагы серфер спортчусу Кэтрин Диас Эрнандес машыгуу учурунда чагылган түшүп каза болду. Бул тууралуу Sport24 сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Каргашалуу окуя, 19-март күнү Сальвадордун Эль-Тунко пляжында болгон. Чагылган түшкөн учурда спортчу сууда болгон. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы барган, бирок дарыгерлер спортчу кызды сактап кала алышкан эмес.

Испаниялык AS гезити жазгандай, ошол күнү аба ырайы ачык болуп, күтүлбөгөн жерден күн бүркөлүп кеткен.

Кэтрин Диас Сальвадордогу мыкты серферлердин бири деп эсептелген. Ал Сальвадор Серфинг федерациясынын президенти Хосе Диастын эжеси болгон.

Спортчу ISA Дүйнөлүк серфинг оюндарына даярданып жаткан, ошондой эле Токио Олимпиадасында оюн көрсөтүүнү пландаштырып жаткан. Серфинг биринчи жолу Олимпиаданын программасына киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/olimpiada-oyundaryna-dayardanyp-zhatkan-22-zhashtagy-sportchuga-chagylgan-tshp-kaza-boldu



Добавить комментарий