Окумуштуу коронавирус тамак аркылуу жукпай турганын айтып чыкты

10 апреля 2020 13:03 1782 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын Огайо штатындагы университеттин окумуштуусу Санджа Илич коронавирус тамак аркылуу жукпай турганын айтты. Анын мындай пикири MedicalXpress порталына жарыяланды.

Анын айтымында, коронавирус иче-карын инфекциясы болбогондуктан, ал тамак-ашта жашабайт. Тирүү вируска тирүү организм керек.

Ошол эле учурда ал илдетти супермаркеттерден жуктурууп алуу ыктымалдуулугу бар экенин четке какпайт. Окумуштуу ооруну жуктуруп албаш үчүн кишилердин ортосунда 2 метрге чейин аралыкты сактоо керектигин сунуштайт. Андан сырткары колду антисептик менен тазалап туруу дагы оорунун алдын алууга жардам берерин кошумчалады.

Адис азыркы кезге чейин тамак-аштан коронавирус жуктурдум деп ооруканага кайрылгандар болбогонун белгиледи.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 1,6 миллион кишиге жугуп, 90 миңге жакын кишинин өмүрүн алды.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuu-koronavirus-tamak-arkyluu-zhukpaj-turganyn-ajtyp-chykty



Добавить комментарий