Ок атылган кыргыз-өзбек чек арасында абал тынч
Мамлекеттик чек ара кызматы такталбаган аймакка кирип кеткен Кыргызстандын жарандарынын 520 мал-жандыгы кайтарылып берилгенин кабарлады.
6-январда Кыргызстандын жарандарынын мал-жандыгы эки өлкөнүн чек арасындагы такталбаган аймакка кирип кеткен. Аны айдап чыгабыз деген жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда түшүнбөстүк болуп, коңшу мамлекеттин чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок аткан.
Окуядан кийин эки мамлекеттин чек арачылары жана жергиликтүү тургундары жолугуп, мындай окуялардын кайталанбашына жол бербөө чараларын талкуулашкан.
Чек арага жакын жайгашкан аймакта жашаган Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын аскерлерине эч кандай доосу жок экенин айтышкан.
Чек арачылар жергиликтүү бийлик менен жана Ала-Бука районунун укук коргоо органдары менен биргеликте жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Учурда чек арадагы абал туруктуу.
Жалал-Абаддын Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусунун чегинде 19 миң гектардан ашык жер талаштуу деп эсептелет.
Ссылка: https://barometr.kg/ok-atylgan-kyrgyz-zbek-chek-arasynda-abal-tynch
Добавить комментарий ×