Обсервацияда жаткан жарандар кандай тамактанышат?

8 апреля 2020 11:40 2572 Barometr
Поделиться в:
ok

Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш  берилүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаарында обсервацияда жайгаштырылган жарандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө. Маселен, түшкү тамактанууга самсы, ган-фан, чай, нан берилди. Эртең менен жарандарга каша, сууга бышырылган жумуртка, нан, чай, ал эми кечкисин рагу, нан, чай берилет. 3 маал ысык тамак-аш өлкө аймактарындагы уюштурулган чет өлкөдөн келген жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларында берилүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин тиешелүү жетекчилерге обсервацияда жайгашкан жарандардын муктаждыктарын өз убагында камсыздоо тапшырмасын койгон.

Мындан тышкары, Республикалык штаб тарабынан КР ӨКМге жер-жерлерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү милдеттендирилген. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМнин тиешелүү жетекчилерине керектүү жабдыктар, коргоочу костюмдар, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк боюнча маселе болбошу керек экендигин эскерткен. 

"Акча каражаты жетишээрлик деңгээлде бөлүнүп жатат, Президентибиз, Өкмөт жетишээрлик каражат бөлүп берүүдө. Биз элибизге мекенчилдик жана абийирдүүлүк менен ак кызмат өтөп берели", - деди Аскаров.

Ссылка: https://barometr.kg/observaciyada-zhatkan-zharandar-kandaj-tamaktanyshat



Добавить комментарий