Нурзат Токтосунова жолдошу менен ажырашып кетти

6 октября 2020 23:38 4919 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен ажырашып кетти. Ошондой эле , “Биримдик” партиясынан  чыккандыгын да кабарлады. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүн барып, партиядан чыгуу арызымды бердим. Жолдошум менен ажыраштым. Аллах мага күч берсин!

Учурдан пайдаланып, мага ишеним арткан партияга жана шайлоочуларыма чоң ыраазычылык билдирем”, -деген билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, Нурзат Токтосунова 2015-жылы алып баруучу Максат Надырбековго турмушка чыккан. Түгөйлөр 2019-жылы кыздуу болушкан.




Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-zholdoshu-menen-azhyrashyp-ketti



Добавить комментарий