Ноокенде мурдагы аялынын 17 жерине бычак сайып өлтүрүгө шектүү кармалды

2 сентября 2022 13:08 803 Barometr
Поделиться в:
ok

Ноокенде 24 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-августан 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында, Ноокен районунун  Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда Ноокен районунун тургуну жашы 25-30 чамалардагы аялдын киши колдуу болуп жансыз денеси жаткандыгы боюнча Ноокен милициясына кабар келип түшкөн. 

 "Аталган факты боюнча маалымат 2022-жылдын 27-август күнү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.

Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин суутпай, шектүү катары, каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1989-жылы туулган А. И. кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иштин алкагында жана соттун кароосуна жиберүү үчүн  тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/nookende-murdagy-ayalynyn-17-zherine-bychak-sajyp-ltrg-shekt-karmaldy



Добавить комментарий