Нуруйпа Муканова Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башкы катчысы болуп дайындалды
Поделиться в:
Президент Садыр Жапаров Нуруйпа Муканованы президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башкы катчысы кылып дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Эскерте кетсек, президенттин жарлыгы менен Коррупцияга каршы ишкер кеңеш түзүлгөн. Анын максаты коррупцияга каршы аракетти күчөтүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлик субъектилеринин ишмердигин колдоо экени айтылган.
Добавить комментарий ×