Нурсултан Назарбаевдин небереси өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылды
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин 28 жаштагы небереси Айсултан Назарбаев Лондон шаарында 5-июнда өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Британиянын Court News басылмасы кабарлады.
Айсултан мейманкананын номерде жанын кыймак болуп жатканда аны куткарууга аракет кылган полиция кызматкери Росс Самбруктун колун тиштеп алган.
Саутуоркский падышалык соту аркылуу полицияларды андан эки күн мурда Айсултан жашап жаткан мейманканага чакыртышкан, анткени ал балкондон секирем деп коркуткан.
Айсултан Назарбаев Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева менен анын мурдагы каза тапкан күйөөсү Рахат Алиевдин уулу.
Айсултан Назарбаев 1990-жылы туулган. 28 жаштагы Айсултан Назарбаев Британиядагы "Сандхерст" падышалык аскер академиясын бүтүргөн. Ал баңгизатынан көз каранды экенин мойнуна алган. 2013-жылы ал "КазРосГаз" акционердик коомунун ошол кездеги жетекчиси Кайрат Боронбаевдин кызы Алимеге үйлөнгөн, жубайлардын бир кызы бар.
Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbaevdin-neberesi-zn-z-ltrg-araket-kyldy
Добавить комментарий ×