Нурсултан Назарбаевдин небереси Улуу Британиядан башпаанек сурады

13 февраля 2020 13:52 1370 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан башпаанек сурады. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Өзүнүн фамилиясын Рахат деп өзгөрткөн Айсултан башпаанек суроого мажбур кылган акыркы жылдардагы окуялар тууралуу кенен айтып берген. Ал билдирүүсүндө чоң атасы Нурсултан Назарбаев жана апасы Дарига Назарбаева жөнүндө дагы жазууну унуткан эмес. Айсултан бул билдирүүсүндө эмне себептен баңгизаттарын колдонууга аргасыз болгонун ачык жазган.

Андан сырткары ал аны өлтүрүп эле кетпесе жакында Британиянын Times гезитине маеги чыгарын белгилеген.

“Мен Улуу Британиядан башпаанек сурайм. Менин акыркы беш жылдагы жашоом ар кандай болду. Эл эмне үчүн мындай окуялар болгонун жана кандай болгонун билүүгө учур келди”, — деп жазат ал.

Айсултан Британиянын полициясына анын паспортун алып коюшканы боюнча кайрадан кайрылган. Ал казак бийлигинде отургандардын ири коррупциялык иштерин биле турганын, анын ичинен өз үй-бүлөсүнүн да бул иштерге катыштыгы бар экенин билдирген.

2017-жылы сентябрда ал Facebook баракчасына баңгизатын колдонгонун айтып, андан ушул кезге дейре дарыланып жатканын жазган. Социалдык тармакка көп чыкпай калып, 2018-жылы ал “россиянын абагында” отуруп келгенин билдирген болчу.

2019-жылы британ полициясына кол салганы үчүн деп бир жылга шарттуу кесилип, дарыланууга милдеттендирилген.

“Бардыгы менин Россия менен Казакстандын өкмөттөрү ортосундагы ири масташбдуу коррупциялык схемаларды билгенимде болуп жатат. Мен казак элинин миллиарддаган долларынын уурдалганы тууралуу айтып жатам. Мен ушунчалык сараңдыктын жана өз үй-бүлөмдүн көзү тойбостугуна күбө болдум. Өзгөчө апам Дарига Назарбаева менен күйөөсү Кайрат Шарипбаевдин ач көздүгүнүн чордонунда калдым”, — деп жазды ал.


Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbaevdin-neberesi-uluu-britaniyadan-bashpaanek-surady



Добавить комментарий