Нурсултан Назарбаевдин ден соолугу начарладыбы?

4 апреля 2020 09:44 3082 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ден соолугу тууралуу тарап жаткан маалыматтар боюнча анын маалымат катчысы Айдос Укибай түшүндүрмө берди.

Ал Елбасынын саламаттыгы начарлап кетти деген маалыматтар жалган, имиш гана экенин билдирди.

"Биз имиштерге эч качан түшүндүрмө берген эммеспиз. Бирок акыркы күндөрү айрым кишилер тарабанын өлкөдө туруксуздук жаратуу үчүн ар кандай аракеттер болуп жатат. Анын ичинде Елбасынын ден соолугуна байланышкан такталбаган маалыматтар дагы бар. Булардын бардыгы чагымчыл аракеттер жана калп», — деди ал.

Айдос Укибай Нурсултан Назарбаевдин ден соолугу жайында экенин, ал мекен үчүн иштеп жатканына токтолду.

«Бардык чектөөлөр алынгандан кийин мен Елбасынын жумуш учурунда башка кишилер менен жолугуп, сүйлөшүп жаткан видеолорун тартып туруп чыгарам», — деп ал ишендирди.

Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbaevdin-den-soolugu-nacharladyby



Добавить комментарий