Нурсултан Назарбаев өлкө башчыны жана кыргыз элин Жаңы-жылы менен куттуктады

31 декабря 2018 14:51 1319 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

«Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Жаңы 2019-жыл менен чын дилимден куттуктайм.

Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана  мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbaev-lk-bashchyny-zhana-kyrgyz-elin-zhay-zhyly-menen-kuttuktady



Добавить комментарий