Нурсултан Назарбаев: Кыргызстандын ар бир президентин колдоп келдим

6 июля 2021 17:08 2373 Barometr
Поделиться в:
ok

“Портретке сүртүмдөр. Лидер” деп аталган документалдуу тасмада Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы демократия тууралуу айтты.

Видео 1-июлда Хабар NEWS YouTube-каналына жарыяланган.

“Кыргызстан демократиянын аралчасы болсо эмне экен? Бизге бир тууган, жакын эл. Кыргызстанда ушул 30 жылда бир нерсе жасалыптырбы? Жана ар бир президентин мен колдоп келдим.Чакырдым, акча, насыя сунуштадык, бир дагы нерсе жасалган жок. Ошондуктан экономика- баардык жашоонун негизи”,-деп айтты Назарбаев.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон чатак тууралуу токтолду.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бир нече чакырымга созулган чечилбеген чек ара согушка алып келди. Чек арадагы чатак-бул мамлекет үчүн чоң коркунуч”,-деп эсептейт Назарбаев.


   

Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbaev-kyrgyzstandyn-ar-bir-prezidentin-koldop-keldim



Добавить комментарий