Нурмагомедов жана Гэтжи. Чемпиондор беттеше турган күн белгилүү болду

10 июня 2020 11:29 966 Barometr
Поделиться в:
ok

Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжи менен 19-сентябрда беттешиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА-Новости жазып чыкты.

Белгилүү мушкерлердин кармашы UFC 253 турниринин алкагында өтөт.

Буга чейин уюмдун жетекчиси Дана Уайт Нурмагомедов менен Гэтжини июнь айында беттештире тураарын жар салган.

Эске салсак, Америкалык мушкер Гэтжи Флорила штатында өткөн UFC 249 турниринин алкагында мекендеши Тони Фергюсонду нокауттун негизинде жеңип, чемпиондук курду тагынган. Анын негизинде Россиялык мушкер Нурмагомедов менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.


Белгилей кетсек, Нурмагомедов бардык 28 беттешин жеңиш менен аяктаган. Ал эми каршылашы Гэтжи аралаш мушташта 22 жолу утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/nurmagomedov-zhana-getzhi-chempiondor-betteshe-turgan-kn-belgil-boldu



Добавить комментарий