Хабибдин иниси UFCдеги дебюттук кармашында казакстандык Морозовду муунтуп жеңип алды

21 января 2021 11:20 4373 Barometr
Поделиться в:
ok


Казакстандын аралаш мушташ мушкери Сергей Морозов UFC турниринде орусиялык Умар Нурмагомедовго жеңилип  калды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мушташ кече, 20-январда Абу-Даби шаарында өттү. 31 жаштагы Морозов экинчи айлампада 25 жаштагы атаандашы орусиялык мушкер Нурмагамедовго утулуп калды. Нурмагамедов атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Морозов дагы, Нурмагомедов дагы күрөш дүйнөсүндөгү эң абройлуу промоушндеги алгачкы дебюттук мелдешке чыгышкан.

Умар Нурмагомедов уюмдун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун аталаш иниси.

 Хабиб өзү турнирге келип, инисин колдоп турган. Мушташтан кийин ал торго кирип, бир тууганын куттуктап, андан кийин казакстандык мушкерди кучактады.


Ссылка: https://barometr.kg/nurmagomedov-ufcdegi-debyuttuk-karmashynda-kazakstandyk-morozovdu-muuntup-zheip-aldy



Добавить комментарий