Нурканбек Турсунбаевди жана жубайын өлтүрүүгө буйрутма берген деген ызы-чууга байланышкан күбө шектүү катары кармалды
Таттыбубү Турсунбаеванын агасы Нурканбек Турсунбаевди жана анын жубайын өлтүрүүгө буйрутма берген деген ызы-чуунун тегерегинде козголгон кылмыш ишине байланыштуу кылмыш жасоого даярдануу боюнча күбө катары жүрүп, издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Эске салсак, бул иш боюнча изин жашырып кеткен А.А аттуу күбө ноябрь айында издөөгө алынгандыгын ИИМ кабарлаган.
Окуянын чоо-жайы:
2016-жылдын жыйынтыгы менен алынган республиканын эл артисти наамынын жана университетти аяктагандыгы тууралуу дипломдун жасалмалыгынын ачыкталгандыгынын тегерегинде чыр-чатак чыккан. Андан соң, жогоруда айтылган фактылар бейбаштык иш-аракеттери менен ур-токмокко алууга, андан сырткары адам өлтүрүүгө “буйрутма” берүүгө алып келгендиги белгиленген. Ушуга байланыштуу, ИИМ кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде А. Б. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголгон.
"Нурканбек Турсунбаев аттуу жаранды сабоо фактысы боюнча А.Б. аттуу жаранга карата кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык)менен кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат. Андан сырткары, 2018-жылдын октябрь айында ИИМге 1965-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран кайрылып, адам өлтүрүүгө буйрутма берилгендигин көрсөткөн. Ички иштер органдары тарабынан алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган А.А. аттуу негизги күбө суралган. Анын көрсөтмөсү боюнча ага эки жаран кайрылып, эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө 10 000 АКШ долларын сунуштаган. Ошондой эле, алгачкы акысы катары 1000 АКШ долларын беришкен. Кийинчерээк буйрутманы аткаруучу Нурканбек Турсунбаевдин жубайы менен жолугуп, өлтүрүүгө буйрутма берилгендигин айтып берген".
Добавить комментарий ×