ИИМ: "Таттыбүбүнүн агасы Нурканбек Турсунбаевди жана жубайын өлтүрүүгө 10миң АКШ долларын сунуштаган"

11 декабря 2018 16:15 5264 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери  эмгек сиңирген артист менен жубайын өлтүрүүгө буйрутма берген деп айтылган маалыматка карата  ИИМдин басма сөз кызматы иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирди. 

Маалыматта 2016-жылдын жыйынтыгы менен алынган республиканын эл артисти наамынын жана университетти аяктагандыгы тууралуу дипломдун жасалмалыгынын ачыкталгандыгынын тегерегинде чыр-чатак чыккан. Андан соң, жогоруда айтылган фактылар бейбаштык иш-аракеттери менен ур-токмокко алууга, андан сырткары адам өлтүрүүгө “буйрутма” берүүгө алып келгендиги белгиленген. Ушуга байланыштуу, ИИМ кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде А. Б. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголгон. 

"Нурканбек Турсунбаев  аттуу жаранды сабоо фактысы боюнча  А.Б. аттуу жаранга карата кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси  (Бейбаштык)менен кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат. Андан сырткары, 2018-жылдын октябрь айында ИИМге 1965-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран кайрылып, адам өлтүрүүгө буйрутма берилгендигин көрсөткөн. Ички иштер органдары тарабынан алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган  А.А. аттуу негизги күбө суралган. Анын көрсөтмөсү боюнча ага эки жаран кайрылып, эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө 10 000 АКШ долларын сунуштаган. Ошондой эле, алгачкы акысы катары 1000 АКШ долларын беришкен. Кийинчерээк буйрутманы аткаруучу Нурканбек Турсунбаевдин жубайы менен  жолугуп, өлтүрүүгө буйрутма берилгендигин айтып берген". 

Аталган факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы кылмыш ишин козгогон. А.А. аттуу жаран башында тергөө менен кызматташып, кийинчерээк изин жашырып кеткен. 2018-жылдын  ноябрь айында жогоруда аты аталган жаран издөөгө алынган. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жетекчиликтин астында уланууда деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. 

Ссылка: https://barometr.kg/madaniyattyn-emgek-siirgen-ishmeri-adam-ltrg-bujrutma-berip-10mi-aksh-dollaryn-sunushtagan



Добавить комментарий