Нургуль Бакирова Тогуз-Торо райондук сотунун имаратынын ачылышына катышты
Кечээ, 30-июлда Жалал-Абад областына жасаган иш сапарынын алкагында Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова Тогуз-Торо райондук сотунун имаратынын ачылыш иш-чарасына катышты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Нургуль Бакированы Жалал-Абад областык сотунун төрагасы Улукбек Калыбаев, Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбеков, шаардык, аймактык соттордун төрагалары, судьялары, ошондой эле Тогуз-Торо районунун акими Мирлан Карагулов тосуп алышты.
Жогорку соттун төрайымы өз сөзүндө жаңы имараттын ачылышы тарыхый күн экенин, Тогуз-Торо району үчүн гана эмес, баардык сот системасы үчүн да чоң жетишкендик экенин белгиледи.
Нургуль Бакирова жамааттын ишине ийгиликтерди каалады.
“Акыйкаттык коомдун өнүгүшүнө маанилүү ролду ойнойт. Адилеттүү сот чечимдери жарандардын мамлекеттик бийликке карата ишенимин бекемдейт жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыздайт, анткени ар бир сот өзүнүн чечимин Кыргыз Республикасынын атынан чыгарат.Бул абдан чоң жоопкерчилик, буга байланыштуу сотторго өзгөчө статус берилген. Биз судьянын макамын коргоо катары кабыл албай, тескерсинче чоң жоопкерчилик катары кабыл алышыбыз керек”,-деп айтты Нургуль Бакирова.
Эки кабат имараттын биринчи кабатында көзөмөл-өткөрүү пункту, сот аткаруучулардын, прокурорлордун, өкүлдөрдүн кабинеттери, ошондой эле күтүү залы, архив, сот жыйындарынын залы, жашы жете электер үчүн бөлмө жана соттун кабинети жайгашкан.
Экинчи кабатта комендант, соттун жардамчылары, судьялар жана соттун төрагасынын кабинеттери бар.
Имарат соттордун, судьялардын, сот аппартынын кызматкерлеринин, сот процесстеринин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоонун заманбап талаптарын эске алуу менен курулган.
Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбеков азыркы учурда сотто эки судья ,алты апапрат кызматкери иштеп жатканын айтты.
Нургуль Бакирова сот жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Маектешүү маалында ал алдыдагы пландар менен бөлүшүп, суроолорго жооп берди.
Ссылка: https://barometr.kg/nurgul-bakirova-toguz-toro-rajonduk-sotunun-imaratynyn-achylyshyna-katyshty
Добавить комментарий ×