«Ну, погоди!» анимациялык сериялынын автору Александр Курляндский каза болду
82 жашында орус жазуучусу Александр Курляндский каза болду. Ал сатирик, драматург, сценарист, балдарга арналган китептердин автору, анимациялык сериялынын жаратуучуларынын бири. Бул тууралуу "Эхо Москвага" маркумдун жакындары билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Өлүмдүн себеби азырынча белгисиз.
1968-жылдан бери Александр Курлянский Аркадий Хайт жана Феликс Камов менен биргеликте ага эң чоң атак-даңк алып келген «Ну, погоди!» анимациялык сериясынын сценарийин жазган.
Александр Курляндскийдин сценарийлеринин негизинде 40тан ашык анимациялык фильмдер тартылган, анын ичинде «Только для взрослых» (1971), «Спасибо, аист!» (1978), "Баба Яга против" (1980), «Великолепный Гоша» (1981), «Встречайте бабушку» (1984), «Возвращение блудного попугая» (1984) жана башкалар жаштардын да, чоңдордун да сүймөнчүлүгүнө ээ болгон
Ссылка: https://barometr.kg/nu-pogodi-animaciyalyk-seriyalynyn-avtoru-aleksandr-kurlyandskij-kaza-boldu
Добавить комментарий ×