Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына талапкерге мурда кылмыш иши козголгон
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына талапкер Эмил Осмонбетовго мурда кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн анын талапкерлиги каралып жаткан учурда депутат Алмазбек Токторов айтты.
"Маалымат каражаттарында сиз 2013-жылы кызматтан кеткениңизде ар кыл жагымсыз маалыматтар чыккан. Кызматтан эмне үчүн кеткениңизди айтып койсоңуз. Кызматка келе жатканда жалпы коомчулукка жыйын уюштуруп, ошол иштер боюнча толук маалымат берип койсоңуз элде суроо жаралбайт эле", - деди Токторов.
Эмил Осмонбетов депутаттын суроосуна жооп кылып, учурунда козголгон кылмыш иши боюнча толук акталганын, айыбы жок экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Осмонбетов 2013-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан алынган болчу.
Добавить комментарий ×