Новопавловка айылында бычакталып каза болгон адамдын денеси табылды, иликтөө жүрүп жатат
2018-жылдын 11-декабрында Сокулук районунун ИИБине кечки саат алтыларда Новопавловка айылында белгисиз жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, бычакталып өлтүрүлгөн, жашы 25-30дар чамасындагы азият түспөлүндөгү адамдын денесин табышкан.
Кийинчерээк, каза болгон адам 28 жаштагы Б.Т аттуу ошол айылдын тургуну экендиги аныкталды. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча шектүү деп анын кошунасы И.У аттуу 34 жаштагы жаран кармалды. Маалыматта айтылгандай, мас абалында аялы менен урушуп жаткан кошунасына келип, алардын чырына аралашып калган. Эшикти ачканда эле шектүү бычак менен сайган. Булардын чыры эмнеден улам бычакташууга чейин жеткени учурда иликтенип жатат.
Шектүүнү убактылуу жайга киргизип, бул иш боюнча сурак иштери башталды.
Добавить комментарий ×