Пенсионерди сыздатып 50 миң сомун уурдап кеткен аял кармалды
Сокулук районунун милициясы пенсионердин капчыгын маршруткадан уурдап кетти деген аялды кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, былтыр 19-декабрда Сокулук РИИБине Военно-Антоновка айылынын 65 жаштагы тургун кайрылып, маршруткадан капчыгын уурдап кетишкенин, анын ичинде 50 миң сом болгонун айткан.
Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси уурулук боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну кармалды. Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/pensionerdi-syzdatyp-50-mi-somun-uurdap-ketken-ayal-karmaldy
Добавить комментарий ×