Нооруз: ат оюндарынын байгесине 1 миллион 450 миң сом коюлат
Бишкекте жана Ош шаарында Нооруз майрамына карата ат оюндары өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбяи жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Көк-бөрү оюндарынын тандоо туру 15-марттан 21-мартка чейин Бишкек жана Ош шаарында болот. Бишкектин жогорку лигасында 6 команда ойнойт. Ош шаарында Ош областынын, Жалал-Абад жана Баткен областынын командалары ат салышат.
21-мартта эки шаарда көк бөрү, эр эңиш жана ат чабыш боюнча финалдык оюндар өткөрүлөт.
Оюндардын байге фондуна Бишкек шаарында 1 миллион 450 миң сом, Ош шаарында 400 миң сом коюлду.
Алгачкы оюндар бүгүн саат 10:00дөн башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/nooruz-oyundarynyn-bajgesine-1-million-450-mi-som-koyulat
Добавить комментарий ×