Нооруз майрамынын келип чыгуу тарыхы жана өзгөчөлүгү

21 марта 2021 10:37 2894 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 21-март Кыргызстанда Нооруз майрамы. Нооруз - аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. Бекеринен «Ноу» - жаңы, «руз»- күн - деп айтылбаса керек. “Барометрдин” жамааты жалпы кыргыз элинин Нооруз майрамы менен куттуктайт.

Нооруздун тарыхы биздин заманга чейинки 549-325-жылдары перстердин зороастризм дини кенен жайылып, зороастрий календары түзүлгөн кезге байланат. Бул динге ишенгендер сууга, отко, асманга, жерге табынышып, арбактарга сыйынышкан. Күн менен Түндүн теңелген мезгили катары 21нен 22-мартка караган түндү эсептеп, «жаңы күн, жаңы жыл келди» деп, жакшылыка үмүт кылып шаңдуу майрамдык каада-салттарды өткөрүшкөн.

Ал эми, кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, көзү өтүп кеткен жакындарына, жалпы арбактарга куран окуп бата кылышат. Үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, «оору-сыркоо, кырсыктар болбосун» деп, жакшылыкка тилек кылышат. Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири – сүмөлөк жасалат.

Кыргызстанда Ноорузга байланыштуу каада-салттардан тышкары элдик фольклордук ыр-күүлөр жаңырып, улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер уюштурулуп, өзгөчө майрам катары белгиленип келет.

Кыргызстанда Ноорузду эки жылдан бери дүйнөнү каптаган пандемиядан улам жогорудагыдай шан-шөөкөт менен майрамдоого чектөө коюулуп, үй-бүлө менен гана тосуп келебиз.

Ссылка: https://barometr.kg/nooruz-majramynyn-kelip-chyguu-taryhy-zhana-zgchlg



Добавить комментарий