Ноокенде жаш балдардын шоктугунан өрт чыкты
Поделиться в:
Ноокенде жаш балдардын от менен ойногунан улам өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя 28-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагынын Жон-Арык айылынын Дамаш көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен Дамаш көчөсүнүн №18 үйүнүн 266 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры күйгөн.
Өрт кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келген жок.
Ссылка: https://barometr.kg/nookende-turak-jdn-chatyry-kjgn
Добавить комментарий ×