Ноокенде "Бирдиктүү терезе" иштеп баштады

24 января 2020 09:48 918 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Ноокен району боюнча башкармалыгында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча "Бирдиктүү терезе" иштей баштады. Бул тууралуу   МСКнын басма-сөз кызматы билдирди.  

“Бирдиктүү терезенин” расмий ачылышына Ноокен районунун акими, салык органынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле салык төлөөчүлөр катышты. 

"Бирдиктүү терезеде" салык кызматкерлери кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык комплексин бир жерде ишке ашырышат, анын ичинде каттоо жол-жобосун жүргүзүшөт, отчетторду кабыл алышат, патенттерди, камсыздандыруу полистерди, маалымкаттарды ж.б. берет же узартат. 

Ошондой эле бул имаратта салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн банктын кассасы жайгаштырылган.  "Бирдиктүү терезенин" иши жарандардын салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аткаруу убактысын үнөмдөйт жана жеңилдетет. 

Белгилей кетсек, азыркы учурда "Бирдиктүү терезе" 52 салык органында иштеп жатат. Алардан сырткары ири базарларда жана соода борборлорунда сервистик борборлор иштейт, анда ишмердик жүргүзгөн жайлардагы ишкерлер салык органдарына барбастан кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат. 


Ссылка: https://barometr.kg/nookende-birdikt-tereze-ishtep-bashtady



Добавить комментарий