"Өнүгүү" фракциясынын лидери Төрөбаев өкмөт өкүлдөрү менен чек ара маселелерин талкуулады
«Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, КР Каржы министринин орун басары Марлен Амандыков менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Ага өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытов, өкмөт аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору Бекмат Масаидов катышты. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» мыйзамда чек арада ар кандай көйгөйлөрдү болтурбоо, алдын алуу максаттары коюлгандыгына токтолуп, бул мыйзам канчалык деңгээлде аткарылып жатканына кызыкты.
Иш-чарага келген башкы чек арачы, өкмөт өкүлдөрү мыйзамдын жана анын аткарылышына өбөлгө болгон укуктук-ченемдик документтердин алкагында ыйгарым укуктуу чек арачы кызматтарына жарандар алынып, иш алпарып жаткандыгы боюнча маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чек арадагы чыр-чатактарды алдын алуу жаатында сүйлөшүп, жогоруда аталган мыйзамдын толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, каржы маселелерин чечүү жаатында ой-пикирлери менен бөлүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/ng-frakciyasynyn-lideri-btrbaev-kmt-kldr-menen-chek-ara-maselelerin-talkuulady
Добавить комментарий ×