Академик, профессор Валерий Живоглядов дүйнө салды
Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Валерий Живоглядов дүйнө салды. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматына таянып «Барометр” билдирет.
29-июнда узакка созулган оорудан кийин 82 жашында КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, техника илимдеринин доктору, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жаатындагы КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Валерий Петрович Живоглядов дүйнөдөн кайтты.
Валерий Петрович 1938-жылдын 25-августунда Кыргыз ССРинин Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында төрөлгөн. 1960-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту артыкчылык менен аяктап, инженер-электрик квалификациясына ээ болгон.
Валерий Живоглядов — 1960-жылдары Советтер Союзунда маалыматты топтоо жана дуалдык касиеттер менен автоматтык системаларга теориялык изилдөөлөрдү биринчилерден болуп жүргүзүп баштаган адамдардын бири. 1965-жылы кандидаттык диссертациясын, ал эми 1974-жылы — докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ал маалыматтык технологияларга жана башкаруу системасына, дуалдык башкаруу жана системаларды идентификациялоонун теориясына, системаларды көп критерийлүү оптимизациялоого жана адаптациялоого, билимдердин электрондук менеджментине, технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү башкаруунун компьютердик системаларына чоң салым кошкон.
Валерий Петровичтин негизги кесиптик ишмердүүлүгү жогорку билим берүү жана илим менен ар дайым байланышта болгон. Өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык институтунда (1960-1962-жж.) ассистент кызматынан баштаган, директордун орун басары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Автоматика институтунун бөлүм башчысы (1965-1987), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын башкы окумуштуулар катчысы (1987-1993-жж.), КЭУнун жаңы маалыматтык технологиялар мектебинин деканы (1993-1997-жж.), КУУнун маалыматтык технологиялар жана интернет факультетинин деканы (1997-2003-жж.), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин компьютердик инженерия кафедрасынын башчысы (2003-2006-жж.) кызматтарында эмгектенген, 2006-жылдан тартып Электрондук менеджмент жана окуулар борборунун директору, Кыргыз-Россия славян университетинин ректорунун кеңешчиси кызматтарын ээлеген.
В. П. Живоглядов 10 китептин, 5 ойлоп табуунун жана эл аралык конференциялар менен конгресстердин илимий эмгектеринде 290дон ашуун макаланын жана басылмалардын автору жана авторлошу болуп саналат. Илимдин 20 кандидатын, илимдин 3 докторун жана көптөгөн сандагы инженерлерди, бакалаврлар менен магистрлерди даярдоону жетектеген.
Эл менен мамлекеттин астында сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын «Данакер» ордени, Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы (1999), СССРдин медалдары (1970, 1988) менен сыйланган.
1993-жылы илимдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн «КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган. 2002-жылы В. П. Живоглядов илим жана техника жаатында КР Мамлекеттик премиясынын лауреаты болгон.
“Барометрдин” жалпы жааматы Валерий Живоглядовдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Ссылка: https://barometr.kg/nekrolog-valerij-petrovich-zhivoglyadov
Добавить комментарий ×