Назира Жетигенова элде жок машинасын көрсөтүп, көпчүлүктүн оозун ачырды – видео

6 марта 2020 11:30 3185 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Куудул Назира Жетигенова Ырыс Жоомартованын машинасынын кнопкалары басылса, анын машинасы чукуганда от алып, эч кимге жеткирбей учарын Instagram баракчасына чыгарды.

“Гүлжайнаныкы 470, ал эми Ырыс эже 570 айдаса меники 670. Алардыкы кнопка менен болсо меники мындай” деп кыдыңдаган эшекти минип камчыланып кетти.

Назира Жетигенова мындай машина автотыгында турбай, каалаган жериңе бат эле барасың деп кошумчалады.


Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда режиссер Ырыс Жоомартованын “меникиндей машинага эркектер жептей жүрөт” деген видеосу тарап, талкуу жараткан болчу.

Андан көп өтпөй телеалып баруучу Назира Айтбекова дагы “эркектер жетпеген” машинасын көрсөткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-zhetigenova-elde-zhok-mashinasyn-krstp-kpchlktn-oozun-achyrdy-video



Добавить комментарий

  • Баардыгына эптүү айымсыз👏👏👏. Башка артистер болсо эшек көрбөгөндөй оой😯 деп качкан болуп калышмак. Азаматсыз турмуштун оор жеңилин тартып көптү көргөндөй күчтүүсүз. Эшекке да эпейип минип шарт бастырып кеттиңиз. Кыргыз кызысыз, ат жалында эр азаматтардай жүргөн, мүнөзүңүз курч. Бар болуңуз.
  • Телохранительдериниз сонун экен.