Бул ирет Назира Айтбекова эркектер жетпей жүргөн машинасын көрсөттү
Телеалып баруучу Назира Айтбекова учурда социалдык тармактарда “эркектер жетпей жүргөн машина” боюнча шоу-бизнесте жарыш жүрүп жатканын айтып, эркектер жетпеген өзүнүн машинасынын сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялады.
"Меникиндей машинага эркектер жетпей жүрөт!" деген темада жарышуу жүрүп атыптыр го шоу бизнесте! Баасы боюнча мактана албайт экенмин, бирок мендей жети жыл бою бир машине минген болгон эмес. 500 сомго бензин куюп алып, качан куйганыңды унутуп калган эч кимде болгон эмес. Ал тургай кышкы дөңгөлөк менен жайы бою эч ким жүргөн эмес. Жети жыл бою моторун текшертпеген мендей ким бар? Эч ким жок! Ал тургай машина апама катталган! Ошооо! Мактансаңар, мендей мактангыла да”, — деп Айтбекова күйөрмандарына кайрылды.
Ал эми Айтбекова жарыялаган сүрөттөн анын автоунаасы Toyota yaris үлгүсүндөгү машина экенин көрүүгө болот.
Учурда социалдык тармактарда режиссер Ырыс Жоомартованын "Меникиндей унаага эркектер жетпей жүрөт” деген видеосу кызуу талкууга түшүп жатат. Жоомартова Toyota Land Cruiser V8 үлгүсүндөгү унаа сатып алганын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/bul-iret-nazira-ajtbekova-erkekter-zhetpej-zhrgn-mashinasyn-krstt
Добавить комментарий ×