Назира Айтбекованын жаңы китеби чыкты. Китепке жашоосун, жалгыздыгын, эркектерге болгон оюн камтыган

11 сентября 2020 15:05 1044 Barometr
Поделиться в:
ok

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекованын "#жөнэлеойлор" аталышындагы өмүр жолун камтыган китеби жарыкка чыкты. Бул тууралуу анын соц тармакка калтырган билдирүүсүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Сүйүнчү! Урматтууларым, бүгүн жетине албай кубанып турам. Сиздердин шыкагыңыз, демиңиз менен #жөнэлеойлор аталышындагы китебим жарыкка чыкты. Тээ окуучу, студент кезде ыр түрүндө төгүлүп келет эле. Турмуш курганда жоголуп кетти. Жалгыз калганда кайра жалгыздыгымды кооздоп , кара сөз түрүндө келди. Жан дүйнөдөгү жараларымды сүрөттөп, жалгыздыгымды жазып , силер менен сыр түйүнүн чече берип ,бир китеп даяр болуптур. Мени тыңшап, ыйласам кошо ыйлап, күлсөм кошо күлүп, жазганымды окуп, жаныма жар болгонуңар үчүн рахмат. Менин дагы бир талантымды ойготтуңуздар. Ой толгоомду баалап, жакшы сөз айткан сайын жазгым келди. Дем - күч , кубат, шыкак алдым. "Китеп жаз! Алгачкы окурманың мен болом." деген сайын коркпой, кадам таштадым! Ыраазымын силерге! Карыган кезде барактап, кандай жолду басканым, кандай сезимдерди татканым, кандай күндү жеңгенимдин көрсөткүчү болот”, -деди Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekovanyn-zhay-kitebi-chykty-kitepke-zhashoosun-zhalgyzdygyn-erkekterge-bolgon-oyun-kamtygan



Добавить комментарий