Назира Айтбекова: "Сүйдүрүп кете берем мага эмне? Жашооңорду бычаксыз сойбогула"

1 августа 2019 00:10 5521 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчасынан ага сөз айткан үй бүлөлүү жигиттерге кайрылды.

"Кара эле жан дейсиңер,  чачылып - төгүлөсүңөр, ак таңдай сөгүлөсүңөр, кагылып - согуласыңар, жайылып - чогуласыңар, эзилип тигилесиңер, өзөгүм өрттөндү деп, өлүп бир тирилесиңер.  Кабаттын чокусунан, секирип, жан берсең да, акыркы тамчысын, тамызып кан берсең да, сен үчүн тынчсызданып, мен үчүн өлүп берсең, өлүмгө кошо кеткен, жаныңда аялың бар. Аркаман ээрчип кетсең, аталап чыркыраган, акмалап жылдырбаган балдарың бар. Ошон үчүн алысыраак ойногула ! Мени эмес үйдөгүнү ойлогула! Сүйдүрүп кете берем мага эмне? Жашооңорду бычаксыз сойбогула!

Ошону эле айтып коеюн дегем.

Бойдогуңар жакпай жүрөт. Мени түгүл өзүн кошо таппай жүрөт", - деген оюн жазды Айтбекова.


Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-sjdrp-kete-berem-maga-emne-zhashooordu-bychaksyz-sojbogula



Добавить комментарий

  • Таажыгул 4 года назад
    Ишине ийгилик ден соолугун чын болсун.Сенден улуу болсом да сенин акылына баа берем,куюлуштуруп суйлогонун сенин жон адам эместигинди корсотуп турат,жыгылган сайын жыргап ойдоло,ичи тардын ичи кенейсин ичине сенин жакшы кундорун батпай,коро албастын козу ачылсын сенин керемет кундорунду коруп,жаман ооздун созу онолсун сенин жакшы создорунду угуп,элине дем берип тышынан башкача корунгон адамдардын бейнесин ачып чыныгы жузун коргозуп жакшы пикирлерди жаратып сооптуу иштин устундо журобер