Назира Айтбекова: Апа андан көрө сиз турмуш курсаңыз мен ушунча бактылуу болмокмун!

16 июля 2021 17:10 2963 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу, блогер Назира Айтбекова апасынын турмуш куруусун каалайт. Бул тууралуу блогер айым өзүнүн социалдык баракчасына жазганын ”Барометр” маалымдайт.

“Апа, кимиси экени эсимден чыгып атат. Бир белгилүү адам “Сен эрге тийбе! Бир үйдү жарык кылыш үчүн эмес , бир элге кызмат кылганы келген жансың!” -деди эле. Анын сыңары, бир үйдү эле жарык кылбай, бүт ааламды жарык кылып жүрө берейинчи? Андан көрө сиз турмуш курсаңыз, мен ушунча бактылуу болмокмун! Апа, азыр деле сүйүү келет! Ишенсеңиз! Калган жашооңузду ушундай бакытка бөлө жашаңызчы? Мен аябай каалап атам бактыңызды!

- Эми жакшы, көңүлүмө төп келген адам болсо, эмнеге болбосун! - деди апам биринчи жолу! Так секирип, чалкасынан кетип, “Сенден эр сурап атамбы!” деп уруша кетчү адатта! Апам жибип калыптыр!  Жакты жообу! Эми ал кишини каяктан издейм? Апам аябай үйдө болгонду, тамакты түрлөп жасаганды жакшы көрөт. Чыныгы турмуш куруп, түтүн булата турчу аял. Мендей сереңдеп, көчө таптабайт. Эшикке чыксам , үйгө кирмегим тозок. Апам чыныгы үйдүн аялы да. Мага окшоп көп сүйлөбөйт. Зымга тарткандай зымырайган, бир мүнөз аял. Мен жөн гана атамды тартып калгам да!”,-деп жазды блогер өзүнүн постуна.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-apa-andan-kr-siz-turmush-kursayz-men-ushuncha-baktyluu-bolmokmun



Добавить комментарий