Назира Айтбекова: Кызмат талашып, кыйкырып жүргөндөр креслону жыттап эле кайра кеттиңер го

11 марта 2021 14:47 2112 Barometr
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова “митингке чыгып алып, тамагы айрылганча кыйкырып, кызмат алгандан кийин унчукпай тымпыйып олтуруп калгандар, көп өтпөй эле, кайра кызматтарынан кол жууду деген оюун айтты. Бул тууралуу алып баруучу кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Топ катуу жерге чабылмайын бийиктикке учпайт экен. Азыр бетибиз менен жер түздөп аткан кез. Буюрса, эми бийик учабыз. “Креслого” ашыгып, тамагы айрылгыча кыйкырып, бийликке келиш үчүн ач айкырык салып , өпкөсү көөп аткандардын ырас жели чыкты. Ит капкандай эле болду. Креслону жыттатып туруп, көчүккө гана тепти го. Сооп болот. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн эмей эле өзүңөр үчүн эле өлүп - талып чуркадыңар го.“Өлөт го!” дедик ичибизден.

Арабызда аты тааныла элек бирок, мээси укмуш иштеген, көп тилде сүйлөгөн, мыйзамды беш колдой билген күчтүү жаштар бар.

Биздин катабыз, “аларды тааныбайбыз” деп аттап өтүп кетип, кулакка кооз сөздөрдү тээп, сөздөн башка колунан кокон келбеген бирок, жүзү таанымал болсо болду деп эле шайлап алып атпайбызбы. Аябай кооз сөздөргө 30 жылдан бери тойдук го. Тойбой жатсаңар , фейсбук менен инстаграмдан мен эле сүйлөп берейинчи.

Мээси иштегендерди ак үйгө жөнөтөлү. Сүйлөгөндөр эл менен калалы. Жок дегенде элдин мүдөөсүн сайрап берип турабыз силерге. Дагы шайлоолор келе жатат. Көзүбүздү чоң ачып, шайлайлы. “Мунун көзү сулуу, тигинин сөзү таттуу” деп эле шайлай бербей”, - деп жазды алып баруучу.


Автор: Жанышбекова Чолпон


Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-kyzmat-talashyp-kyjkyryp-zhrgndr-kreslonu-zhyttap-ele-kajra-kettier-go



Добавить комментарий