Назира Айтбекова Алмамбет Шыкмаматовго: Менден бетер бапылдаган кандай неме?

20 мая 2020 18:07 2089 Barometr
Поделиться в:
ok

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматовдон маек алганын жазды.

“Тим эле окшошуп отуруп алганыбызды кантели? Интервьюну монтаждап келип, көргөзүп аткандагы кербез. Кафе ызы-чуу. Чала-бучук чыккан үнүн уга албай убарабыз. Сонун съемка жасап келдик деп ичибизде кудуңдаган кубаныч бар. Маектин арты менен далай адамдын энергиясын, жан дүйнөсүн көрүүгө, аны элге көрсөтүүгө өбөлгө түзүлүп атат. Саясатчылар болобу, сахна адамдары болобу, сырттан билгеним менен жан дүйнөсүнө сүңгүп, жакындан эч кимисин тааныбаптырмын. Ар бир адамдын ааламын ача келсең эле бир чоң дүйнө жатат. "Жаман киши жок. Жөн гана жаман адаттары бар". Жакшы айтылган кеп. Алманбет мырзаны сырттан карап "Менден бетер бапылдаган кандай неме?" дедим. Бирок кепке тартып, жан дүйнөсүн ача келгенде сонун адам чыкты. Чыныгы жүзүн көрсөттү. Бапырактап, шамалдай шуулдаган, куюн болгон байкенин ары жагында жөнөкөй, ата-эненин мээримине зар болуп өскөн, ар кыл жолу бар адам чыкты. Баарыбыз бетибизге башка адамды жамынып, жан дүйнөдөгү чыныгы жүзүбүздү жашырат экенбиз. Бет капты алып, дүйнөсүн сууруп чыгуу мага жакты. Чыныгы жүзүңөр кандай сулуу?! Аны эмнеге жашырабыз бирок?” – деп Айтбекова суроо салды.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-almambet-shykmamatovgo-menden-beter-bapyldagan-kandaj-neme



Добавить комментарий