Назгуль Сулайманова: КР жоруктар жөнүндө кодекси Кылмыш-жаза кодексине окшош эле түзүлгөн

9 апреля 2020 15:30 2499 Barometr
Поделиться в:
ok

Сулайманова Назгуль Назарбековна, профессор, юридика илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян Университетинин кылмыш –жаза укугу кафедрасынын

башчысы. Ал Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодекси тууралуу айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 22-декабрында кабыл алынган, КР Президенти 2017-жылдын 1-февралында кол койгон жана 2019-жылдын 1-январынан тартып
күчүнө кирген.

Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн азыркы этабындагы кылмыш-жаза укук саясатынын приоритеттик багыттарынан болуп кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу болуп саналат, ошентип, ушул багыттын алкагында кылмыш жоопкерчилиги кылмыш-жаза жоруктарынын категорияларын бөлүү менен оптимизацияланган.

Жоруктарды кылмыштык жазалоону кылмыштарга жана кылмыш жоруктарына ажырымдоо (дифференциация) жоркуктардын мүнөзүнө жана укукка каршы жоруктардын жана аны жасаган адамдын коомчулукка каршы деңгээлин так укуктук баалоого багытталган.
Жоруктар жөнүндө кодекс – бул ченемдик укуктук акт жоруктардын коркунучтуулук деңгээли кылмыштарга караганда төмөн, бирок кылмыштар менен чектеш болушу мүмкүн. Ошентип, Жоруктар жөнүндө кодексте укук бузуулар системасы административдик укук бузуулардан түзүлөт, физикалык адамдын жоопкерчилиги жана коомго анча коркунуч келтирбеген кылмыш бөлүгү ЖКдан алынып ташталган. КР жоруктар жөнүндө кодекси КР Кылмыш-жаза кодексине окшош эле түзүлгөн. КРнын өзүнчө жоруктар институттары КР ЖКнин институттары менен дал келет. Бирок өздөрүнүн айырмачылыктары бар.

Жоруктар жөнүндө кодекс структурасы боюнча Жалпы жана Өзгөчө бөлүктөн турат жана 10 бөлүктөн, 34 баптан жана 187 беренеден, 2 Тиркеме: Глоссарийден, санкцияларды унифицикациялуу түзүү үчүн жоруктар үчүн негизги жазалоонун түрлөрү жана өлчөмдөрүнүн ылайыктуулук Таблицасынан турат.

КР Жоруктар жөнүндөгү кодексинде төмөнкү прициптер: мыйзамдуулук, юридикалык аныктык, мыйзам алдындагы бирдейлик, күнөөнүн принциптери, адилеттүүлүк ж.б. аныкталган:

Эч ким бир эле жорукту жасагандыгы үчүн эки жолу жоопкерчиликти тартышы мүмкүн эмес.

КР жоруктар жөнүндөгү кодексинин Өзгөчө бөлүгү КР ЖКнин түзүү принциптерине ылайык түзүлгөн.

Кодексте жорукка аныктама берилген, субъект тарабынан жасалган күнөө, укукка каршы жосун (аракет жана аракетсиздик), адамга, коомго же мамлекетке зыянды келтирүү же аны жасоо коркунучун түзүү, бул үчүн жазалоо Кодексте каралган. Кылмышты жана жорукту чектештирүү критерийи болуп келтирилген зыяндын өлчөмү саналат. Айырмачылыгы зыян келтирүүдө ЖКнын жорукту оор эмес же олутту деп түшүнгөндүгүндө турат. Ушул формалдуу белгилери менен жорук кылмыштан айырмаланат. Ошондуктан ал үчүн жоопкерчилик (жорук) КР ЖКде каралган кылмыштын белгилери жок болгондо башталат. Жоруктун субъектиси болуп акыл эси толук 16 жашка толгон адам эсептелет. Жоруктар үчүн санкцияларды түзүүдө КР ЖКги эле
ыкмалар колдонулган.

КР ЖКдегидей эле жазалоонун градациясы сунушталган. Жоруктар үчүн жазалоо алардын мөөнөттөрү же алардын өлчөмдөрүнө жараша категорияларга бөлүнгөн. Мисалы, жоруктарды жасагандыгы үчүн күнөөлү деп табылгандарга, сот тарабынан жазалоонун төмөндөгү
түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

  • Коомдук жумуштар (30дан 60 саатка чейин) 1-2 категориялар;
  • Эркинен ажыратуу (3 айдан 1 жылга чейин) 1-2 категориялар; Эркиндигин чектөөнү Пробация кызматы жүргүзөт
  • Аныкталган бир кызматтарды ээлөөгө же аныкталган иштерде иштөө укугунан
    ажыратуу (6 айдан 2 жылга чейин) 1-2 категориялар; Жазалоонун ушул түрү негизги жана кошумча жазалоо катары дайындалышы мүмкүн
  • Түзөтүү жумуштары (2 айдан 6 айга чейин) соттолгондун айлыгынын 10 дон 20% чейин)
  • Жазана (штраф) - 1 категория: 200 дөн 300 эсептик көрсөткүч; 2-категория: 300дөн 600 эсептик көрсөткүч.
  • Гауптвахтада кармоо менен камакка алуу. Жазалоонун ушул түрү аскер кызматындагыларга карата гана колдонулат (1-2-категориялар). Гауптвахтада кармоо убактысы 3 дөн 5 суткага чейин.

Жашы жете элек адамдарга карата жазалоонун төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

  • Коомдук жумуштар (20 дан 40 саатка чейин) 1-2- категориялар;
  • Эркиндиктен ажыратуу (2 айдан 6 айга
    чейин) 1-2- категориялар;
  • Түзөтүү жумуштары (1 айдан 4 айга чейин / 10 дон 20% иштеп тапканынын суммасынан) 1-2-категориялар;
  • Жазана (штраф) (1-категория: 50 дөн 150 эсептик көрсөткүч; 2- категория: 150 дөн 250 эсептик көрсөткүч).
  • Жазана (штраф) жашы жете элек адамдын өз алдынча айлыгы же мүлкү болсо гана дайындалат, алар жок болсо жазана анын ата-энесинен же мыйзамдуу өкүлдөрүнөн,
    алардын макулдугу менен өндүрүлөт. Мындай макулдук болбосо, жазана жашы жете
    элек адамга дайындалбайт.
  • Жазалоонун эркинен ажыратуу түрүн аткаруу пробация органына жүктөлөт. Ошентип, эркинен ажыратылып соттолгондор тѳмѳнкүгѳ милдеттүү:
  • жашаган жериндеги пробация органына соттун өкүмү күчүнө киргенден тартып 10 күнгө чейин келүү;
  • пробация органдарына пробация органынын кызматкеринин негизги мыйзамдуу талабы боюнча үзгүлтүксүз келүү;
  • пробация органдарынын урусатысыз өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетпөө;
  • пробация органына жашаган жери, иши жана окуусу, ошондой эле, алардын өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоо;
  • пробация органдарынан жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгууга уруксат алуу;
  • алкоголь, баңги, психотроптук жана токсикалык заттарды колдонбоого.

Сот эркиндигинен ажыратуу жазалоосун дайындоодо бир эле адамга мыйзамда саналган бир же бир нече кошумча милдеттерди дайындоого укуктуу. Ошондой эле, ЖКдегидей эле, өзүнчө бөлүк менен, жазалоо болуп саналбаган коопсуздук чаралары жана башка кылмыш-укуктук мажбурлоочу
чаралары каралган. Мындай мажбурлоочу кылмыштуулукка каршы укуктук таасир тийгизүүчү чараларга төмөндөгүлөр кирет:

▪ Келтирилген зыянды калыбына келтирүү (жосунду жасаган адам келтирилген чыгымды толтурушу керек)

▪ Жорукту жасоодо колдонгон куралды жана каражаттарды конфискациялоо

▪ Чет элдик жарандарды Кыргызстандын чегинен тышкары чыгарып жиберүү.

Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 9-бапында мажбурлап аткартуучулук мүнөздө каралбаган кылмыш-укуктук таасир тийгизүүнүн чаралары келтирилген. Мындай
чаралар:
1. Жорук үчүн жазалоонун четтетилгендигине байланыштуу боюнча жоопкерчиликтен бошотуу;

2. Жорук үчүн жоопкерчиликтен тараптардын элдешүү себебинен улам бошотуу;

3. Жорук үчүн жоопкерчиликтен Жоруктар жөнүндөгү кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболоруна ылайык; бошотуу;

4. Эскирүү мөөнөтүнүн бүтүшүнөн улам жосун үчүн жоопкерчиликтен бошотуу.

Жоруктар жөнүндөгү Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн структурасы жосундардын составын объекттерге зыян келтирүү окшоштуктарына ылайык бөлүштүрүү системдик мүнөзүнө ээ.

Ошентип, Жоруктар жөнүндөгү кодекс коргоонун приоритеттеринин принциптери боюнча түзүлгөн: инсан-коом-мамлекет.

КР Жоруктар жөнүндөгү Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнө КР Кылмыш кодексинде жайгашкан (1997-ж) анча оор эмес кылмыштар жана КР Админстративдик кодексинде (1998-ж) жайгашкан кылмыштардын бөлүгү кирди.

КР Жорукдар жөнүндөгү Кодексти кабыл алуунун оң жактары:

▪ КР ЖКнен зыян келтирүү деңгээли боюнча кылмыш деп кароого болбой турган жоруктарды бөлүп кетүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду.

▪ КР Жоруктар жөнүндөгү Кодексин кабыл алуу коомду «криминализациялоого» алып келбейт. Андыктан кылмыш жоруктары үчүн жазалоонун системасы эркинен ажыратууну карабагандыгы, эркинен ажыратууну өтөөчү жайлардагы жагымсыз таасирди жоюу болгон. Адамды кылмыш жоруктары үчүн айыптоо соттулук катары жагымсыз кесепеттерге ээ болбойт.
▪ Жорук жасаган деп күнөөлөнүчү адамдар, аларды жоопко тартуу себептеринен улам, өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык мыйзамдуу кепилдиктерди алышы керек. Андыктан, адамдын жорук жасашы жана аны жоопкерчиликке тартуу атаандашуу соттук процессинин алкагында өтүшү керек.

▪ Албетте, жоруктар институтунун киргизилиши менен укук коргоо органдарынын аларды чектөө боюнча аныкталган деңгээлдеги жоопкерчилиги пайда болот.

▪ Бул сөзсүз көп сандагы кылмыштарды жана жосундарды ачуу жана тергөө боюнча башкы субъекттер топтолгон ички иштер органдары.

КР жоруктар жөнүндөгү Кодексинин күчүнө кирүү кесепеттери:

Жоруктарды жасаган адамдарга, ал жасалган убакта административдик кодексте административдик жаза берүү каралган болсо, эгерде ушул жорук дагы Жоруктар жөнүндөгү кодексте каралса, Административдик Кодекске ылайык аткарылууга тийиш.

Ссылка: https://barometr.kg/nazgul-sulajmanova-kr-zhoruktar-zhnnd-kodeksi-kylmysh-zhaza-kodeksine-okshosh-ele-tzlgn



Добавить комментарий