NASA эми космостон кино тартууга камданып жатат
NASA космостон кино тартуу үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берип “Барометр” которду.
NASAнын директору Джим Брайденстайн космостон кино тартуу үчүн чыныгы австронавттарды чакыруу аракетин көрүп жатканын билдирген.
“Бизге комерциялык багытта, станциянын бортунда өзүнүн чеберчилигин көрсөтө алган австронавттар керек”, -деди Брайденстайн
Эскерете кетсек, Брайденстайн өзүнүн соц тармактагы баракчасына космостон да кино тартуу толук мүмкүн экенин жазган.
Буга чейин америкалык бизнесмен Илон Маск жерден башка планетада боевик тасманы тартарын, башкы каарманга Том Крузду чакырарын айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/nasa-emi-kosmoston-kino-tartuuga-kamdanyp-zhatat
Добавить комментарий ×