Нарынга атайын комиссия жөнөп кетти
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова башында турган комиссия Нарындагы төрөт үйүнө коронавирус кантип келип калганын аныктап жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Төрөт бөлүмүндө инфекцияга каршы күрөшүү боюнча эпидемиологиялык чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды”, - дид ал.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги төрөт бөлүмүндө аялдар арасында коронавирус катталгандыктан 14-майда Нарын облусуна жөнөп кеткен.
15-майга карата Нарын облусунда коронавирус жуккан жаңы 11 учур аныкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/narynga-atajyn-komissiya-zhnp-ketti
Добавить комментарий ×