Нарындын посту ачык, жайлоого барып эс алуу сунушталды

17 июля 2020 16:59 9710 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын облусуна жана шаарына кирүүдө ПЧР-анализ талап кылынбайт. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Учурла Нарын облусунда 3 облустук пост иштеп жатат. 

"Посттон өтүп жатканда жарандардан ПЧР-анализдин жыйынтыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт. Болгону ар бир жарандын дене табы текшерилет. Ал эми жайлоолорго барууга эч кандай тыюу салынган жок. Тескерисинче, биз шаарда коомдук жайларга көп барбастан, мүмкүнчүлүк болсо жайлоого барып эс алууларын сунуштап жатабыз”, - деп билдирди өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов.

Анын айтымында, шаардан же башка аймактан каза болгон бейтапты алып келе жаткан учурда посттон алардын кайсы аймакка бара жаткандыгы тууралуу маалыматтар каттоого алынат жана ошол аймактын жетекчилигине маалымдалат. Алар өздөрү тосуп алып, андан наркы иш-чараларын өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүшөт.


Ссылка: https://barometr.kg/naryndagy-posttordo-analiz-talap-kylynbajt



Добавить комментарий